> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте курулуш талаптарын бузган объектилерге эскертүү берилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/27/bishkiektie-kurulush-talaptaryn-buzghan-obiektilierghie-eskiertuu-bierildi/
- Published: 2026-03-27T13:10:45.000Z
- Updated: 2026-03-27T13:10:44.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти борбор калаадагы курулуш объектилерин текшерүүнү улантууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.** 

Текшерүүнүн жыйынтыгында Бишкектеги бир катар объектилерде техникалык коопсуздук жана курулуш талаптары толук сакталбаганы аныкталды. Алардын катарына Жибек-Жолу көчөсүндөгү 14 кабаттуу бизнес борбору, Турсунбаева көчөсүндөгү 10 кабаттуу турак үй жана Көк-Асаба көчөсүндөгү 9 кабаттуу турак үй кирет.

> Аталган объектилерде иш алып барган “Имарат Восток” жана “Сафа Инвест” компанияларына жазуу түрүндө эскертүүлөр берилип, мыйзам бузууларды жоюу үчүн 3 күндүк мөөнөт белгиленди.

Министрлик курулуш иштеринде коопсуздук эрежелерин жана техникалык талаптарды так сактоо куруучулардын негизги милдети экенин эскертет.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/--------------------------2026-03-27----17.58.08-1.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/--------------------------2026-03-27----17.58.14.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/--------------------------2026-03-27----17.58.19.png)