> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таласта 22 ири долбоор ишке ашып, 1500дөн ашык жумуш орду түзүлөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/27/talasta-22-iri-dolboor-ishkie-ashyp-1500don-ashyk-zhumush-ordu-tuzulot/
- Published: 2026-03-27T07:27:14.000Z
- Updated: 2026-03-27T07:27:13.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Талас облусунда 22 ири долбоорду ишке ашыруунун алкагында 1500дөн ашык жаңы жумуш ордун түзүү пландалууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлү Эрмат Жумаев "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.**

Анын айтымында, учурда президенттин тапшырмасы менен аймакта бир катар долбоорлор ишке ашырылып жатат. Бул демилгелер экономикалык өсүштү камсыздоого жана аймакты өнүктүрүүгө багытталган.

> Белгиленгендей, ири долбоорлордун ишке кириши жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыз кылууга шарт түзөт.

Адистердин баамында, бул долбоорлор Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө маанилүү роль ойнойт.