> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жумгалда 2 гектар жер мамлекетке кайтарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/27/zhumghalda-2-ghiektar-zhier-mamliekietkie-kaitaryldy/
- Published: 2026-03-27T11:31:52.000Z
- Updated: 2026-03-27T11:31:51.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Нарын облусунун Жумгал районунда мыйзамсыз менчиктештирилген 2 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, Байзак айыл аймагындагы “Каражээк” участогунда жайгашкан ички жайыт чабынды жер мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталган.

> Бул боюнча Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы сотко кайрылып, Жумгал райондук соту 2006-жылы түзүлгөн сатып алуу келишимин жокко чыгарды.

Натыйжада 2 гектар айыл чарба багытындагы жер толугу менен мамлекеттин балансына кайтарылды.