> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек мэри Кытай элчиси менен маанилүү долбоорлорду талкуулады
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/28/bishkiek-meri-kytai-elchisi-mienien-maaniluu-dolboorlordu-talkuulady/
- Published: 2026-03-28T06:18:33.000Z
- Updated: 2026-03-28T06:18:33.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лю Цзянпин менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.**

Жолугушууда тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгын талкуулап, маданият, экономика жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө көңүл бурушту.

Мэр кытай тарапка колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, жыл башынан бери биргелешкен долбоорлор ишке ашканын белгиледи. Алардын ичинде Бишкекте өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин Биринчи жаштар Дельфы оюндары бар.

> Ошондой эле инвестициялык долбоорлор, анын ичинде катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетип, электр энергиясын өндүрүүчү завод куруу негизги багыттардын бири экени айтылды.

Элчи Лю Цзянпин Бишкек менен Кытай шаарларынын байланышы жакшы өнүгүп жатканын белгилеп, шаар акыркы жылдары туруктуу өнүгүп жатканын айтты.

> Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары да улантууга кызыкдар экенин билдиришти.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/1774629379-1.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/1774629366.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/1774629370.jpeg)