> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте медицинанын 20-юбилейлик көргөзмөсү MedExpo Kyrgyzstan 2026 өтөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/28/bishkiektie-mieditsinanyn-20-iubilieilik-korghozmosu-medexpo-kyrgyzstan-2026-otot/
- Published: 2026-03-28T04:00:16.000Z
- Updated: 2026-03-28T04:39:50.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**2026-жылдын 31-мартынан 2-апрелине чейин Бишкекте MedExpo Kyrgyzstan 2026 — медицина жана саламаттык сактоо тармагындагы 20 жылдык юбилейлик эл аралык адистештирилген көргөзмө өтөт. Бул иш-чара дарыгерлер, клиникалардын ээлери жана жетекчилери, дистрибьюторлор жана медициналык чечимдерди жеткирүүчүлөр үчүн негизги кесиптик окуялардын бири болуп саналат.**

Дене тарбия академиясынын Манежинде дүйнөнүн **11 өлкөсүнөн келген 90дон ашык компаниялар** чогулуп, **заманбап** медициналык жабдууларды, **диагностикалык** жана лабораториялык чечимдерди, **фармацевтика** жана **биотехнологияларды**, эстетикалык медицина жана стоматология үчүн **жабдууларды**, клиникаларды автоматташтыруу үчүн **санариптик чечимдерди**, ошондой эле **медициналык туризм** жана **реабилитация** багыттарын **сунушташат.**

> Беларусь, Кытай, Пакистан, Россия жана Өзбекстандын улуттук экспозициялары **өзгөчө кызыгууну** жаратат, бул көргөзмөнү **кесиптик тажрыйба алмашуу** жана ишкердик **байланыштарды түзүү** үчүн маанилүү **эл аралык аянтчага** айлантат.

Экспозициядан тышкары, келгендерди Москва шаарындагы Медициналык бизнес мектебинин катышуусунда клиникалардын жетекчилери үчүн **акысыз ишкердик программа** күтөт. Программада клиникаларды башкаруу, медициналык кызматтарды маркетингдөө, бейтаптар агымын көбөйтүү, санариптештирүү жана автоматташтыруу боюнча **актуалдуу темалар** каралат.

**MedExpo Kyrgyzstan 2026* — үч күндүн ичинде жаңы технологиялар менен таанышуу, өнөктөштөрдү табуу, жеткирүүчүлөр менен байланыш түзүү жана медициналык бизнести өнүктүрүү үчүн практикалык чечимдерди алуу мүмкүнчүлүгү болуп саналат.*

👉🏻

****31-март – 2-апрель 2026ж.**  
****Бишкек, КГАФКиС Манежи (Ахунбаев көч., 97)**  
****Кирүү акысыз, катталуу үчүн шилтемени басыңыз:** <https://medexpo.kg/visitors>