> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ак-Сууда 75 млн сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/30/ak-suuda-75-mln-somduk-mulk-mamliekietkie-kaitaryldy/
- Published: 2026-03-30T08:58:25.000Z
- Updated: 2026-03-30T08:58:25.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Ак-Суу райондук прокуратурасы мамлекеттик менчик боюнча мыйзамдардын сакталышын текшерүүнүн жыйынтыгында бир катар мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.** 

Тактап айтканда, 1993-жылы 2 гектар жер аянтында жайгашкан 4 корпустуу “Алтын-Булак” санаторийи жана 2021-жылы Каракол айыл аймагындагы 0,51 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги белгилүү болду.

> Прокурордук чаралардын негизинде базар баасы 71,6 млн сомду түзгөн санаторий жана 3,43 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

Прокуратура тарабынан мамлекеттик менчикти коргоо боюнча иштер улантылууда.