> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенде маркировкасы жок 25 тонна пияз артка кайтарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/30/batkiendie-markirovkasy-zhok-25-tonna-piiaz-artka-kaitaryldy/
- Published: 2026-03-30T04:12:12.000Z
- Updated: 2026-03-30T04:12:11.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Баткен башкармалыгы тарабынан “Ак-Тилек автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда көзөмөл жүргүзүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.** 

29-мартта Казакстанстандан импорттолуп кирген 25 тонна пияз продукциясын текшерүү учурунда анын таңгагында тиешелүү маркировкасы жок экендиги аныкталды.

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы №157 чечимине ылайык, карантинге алынган продукциянын ар бир таңгагында продукциянын аталышы, чыгарылган өлкө, экспорттоочу же реэкспорттоочу өлкө тууралуу маалымат камтылышы керек.

> Аталган талаптар сакталбагандыктан, жүк Евразия экономикалык биримдигинин бирдиктүү фитосанитардык талаптарын бузуу катары бааланып, продукция импортер өлкөгө кайра кайтарылды.

Тиешелүү кызматтар тарабынан фитосанитардык көзөмөл иштерин күчөтүү улантылууда.