> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте түнкү клубдарда баңгизатка каршы рейддер өткөрүлдү
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/30/bishkiektie-tunku-klubdarda-banghizatka-karshy-rieiddier-otkoruldu/
- Published: 2026-03-30T06:46:30.000Z
- Updated: 2026-03-30T06:46:29.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Бишкек шаарында комплекстүү ыкчам-профилактикалык иш-чараларды өткөрдү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.** 

Рейддер жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда шаардагы бир катар түнкү клубдарда жана барларда жүргүзүлдү. Анын максаты — баңгизат жана психотроптук заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө мыйзам талаптарын сактоого өзгөчө көңүл бурулуп, жаштар көп чогулган жайларда тыюу салынган заттардын жайылышына жол бербөө чаралары көрүлдү.

> Көңүл ачуучу жайлардын администрациялары менен түшүндүрүү иштер жүргүзүлүп, мыйзам бузуу үчүн жоопкерчилик тууралуу эскертилди. Ошондой эле жетекчилерге ички көзөмөлдү күчөтүү жана коноктордун коопсуздугун камсыз кылуу тапшырылды.

ИИМ мындай иш-чаралар коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында мындан ары да улантыларын билдирди.