> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулушка 200 миң сом айып пул салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/30/ysyk-koldo-myizamsyz-kurulushka-200-min-som-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2026-03-30T03:48:22.000Z
- Updated: 2026-03-30T03:48:21.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы аймактагы курулуш объектилеринин мыйзамдуулугун жана иштердин сапатын көзөмөлдөөнү улантууда. 

Ведомствонун маалыматына ылайык, Каракол шаарындагы май куюучу жайда реконструкциялоо жана кайра пландоо иштери уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлүп жатканы аныкталып, айып пул салынып, көрсөтмө берилген.

> Бирок объект мыйзамсыз түрдө пайдаланууга берилген. Натыйжада “Газ Инвест” ЖЧКсына карата протокол түзүлүп, кайрадан 200 000 сом айып пул салынды.

Ошондой эле мыйзам бузууларды жоюу боюнча кошумча көрсөтмөлөр берилди.

Департамент курулуш объектилеринин мыйзамдуулугун камсыздоо боюнча көзөмөлдү туруктуу негизде улантат.