> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлгө 3 млн даана балыктын чабагы коё берилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/30/ysyk-kolgho-3-mln-daana-balyktyn-chabaghy-koio-bierildi/
- Published: 2026-03-30T05:36:38.000Z
- Updated: 2026-03-30T05:36:37.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Балык өнөр жайы комплекси департаментинин Тоң районундагы Регионалдык аклиматташтыруу жана балык өндүрүү-өстүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан май-канат (сиг-лудога) балыгынын чабактары Ысык-Көлгө коё берилди.**

Айыл чарбанын маалыматына ылайык, иш-чарага Туристтик-экологиялык милиция, Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун адистери, райондук ветеринардык кызмат жана жергиликтүү тургундар катышты.

> Жалпысынан 3 миллион даана балык чабагы көлдү балыктандыруу максатында төмөнкү участокторго бөлүштүрүлдү:  
> 18-участокко — 500 миң даана,  
> 7-участокко — 500 миң даана,  
> 13-участокко — 1 миллион даана,  
> 40-участокко — 1 миллион даана.

Бул иш-чара Ысык-Көлдөгү балык ресурстарын көбөйтүүгө багытталган.