> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу өнөктүгү аяктады
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/31/aidoochuluk-kuboluktordu-akysyz-almashtyruu-onoktughu-aiaktady/
- Published: 2026-03-31T03:53:40.000Z
- Updated: 2026-03-31T03:53:39.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Президент Садыр Жапаров айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүктү аяктоо тууралуу Жарлыкка кол койду.**

Жарлыкка ылайык, колдонуу мөөнөтү көрсөтүлбөстөн берилген айдоочулук күбөлүктөрдү 2025-жылдын үлгүсүндөгү жаңы күбөлүктөргө акысыз алмаштыруу өнөктүгү 2026-жылдын 31-мартында жыйынтыкталды.

Ошол эле учурда, 2026-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин мындай күбөлүктөрдү белгиленген тартипте алмаштыруу улантылат. Бул учурда медициналык маалымкат талап кылынбайт.

> Мындан тышкары, тиешелүү мамлекеттик органдарга маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ошондой эле өнөктүктүн жыйынтыгы боюнча отчет даярдоо милдети жүктөлдү.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын 31-мартына чейин арыз берген жарандар кызматты мурдагы шарттар менен алышат. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирди.