> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ат-Башыда 5,3 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/31/at-bashyda-5-3-mln-somduk-myizam-buzuu-anyktaldy/
- Published: 2026-03-31T05:12:51.000Z
- Updated: 2026-03-31T05:12:50.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Нарын облусунун Ат-Башы районунда атайын техника сатып алуу учурунда мыйзам бузуулар аныкталып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгени белгилүү болду.**

УКМКнын маалыматына ылайык, Ат-Башы айыл аймагында 2025-жылдын апрель айында таштанды ташуучу унаа жана кран-манипулятор сатып алуу боюнча тендер өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгында “В” ЖЧКсы жеңүүчү болуп, 10 млн 863 миң сомдук келишим түзүлгөн.

Бирок текшерүүнүн жүрүшүндө жеткирилген техниканын сапаты талапка жооп бербегени аныкталган. Тактап айтканда, таштанды ташуучу унаанын шасси номери өзгөртүлүп, ал эски тетиктер менен чогултулуп, сырткы көрүнүшү жаңыланганы белгилүү болгон.

> Эксперттик баалоонун негизинде мамлекетке 5 млн 363 миң сом зыян келтирилгени аныкталды.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында келтирилген зыян толук өндүрүлүп, анын ордуна 2025-жылы чыгарылган жаңы Dongfeng үлгүсүндөгү таштанды ташуучу унаа алынып келинди.

Учурда тиешелүү иштер улантылууда.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/WhatsApp_Image_5FAVMXJ.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/WhatsApp_Image_BpVWqj6.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/WhatsApp_Image_Lb6k0LH.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)