> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектин борбордук бөлүгүндө 2 күнгө газ өчүрүлөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/31/bishkiektin-borborduk-bolughundo-2-kungho-ghaz-ochurulot/
- Published: 2026-03-31T09:43:06.000Z
- Updated: 2026-03-31T09:43:05.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**1-2-апрель күндөрү Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.** 

“Бишкекгаз” газ кызматынын маалыматына ылайык, газ берүү Жантошев, Байтик баатыр, Лев Толстой, Кара-Дарыя, Горький жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрү менен чектелген аймакта токтотулат. Ошондой эле Кыргызавтомаш заводу, макарон цехи, “Жыргал” жана “Байтур” мончолору жайгашкан аймактар да газсыз калат.

> Газды убактылуу өчүрүү орто басымдагы жер алдындагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу экени айтылды.

“Бишкекгаз” кызматынан түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, жарандарды бул мезгилде энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууга чакырышты.