> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда айрым азык-түлүктөр кымбаттады: кайсылар?
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/31/kyrghyzstanda-airym-azyk-tuluktor-kymbattady-kaisylar/
- Published: 2026-03-31T10:26:54.000Z
- Updated: 2026-03-31T10:26:53.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Кыргызстанда айрым негизги азык-түлүк товарларынын баасы жогорулап, айрымдары арзандаганы байкалды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.**

Министрлик 2026-жылдын 25-мартына карата Кыргызстан, ошондой эле Россия жана Казакстандагы азык-түлүк бааларына салыштырма мониторинг жүргүзгөн.

Ага ылайык, Кыргызстанда жумуртка (1,6%), картошка (0,7%), уй жана кой эти (0,5%) жана күн карама майынын баасы жогорулаган. Ошол эле учурда баш пияз 0,5%га арзандаган.

Казакстанда болсо кой эти (12,5%), сабиз (10,6%) жана макарон азыктары (3,5%) олуттуу кымбаттаганы белгиленди. Ал эми пияз жана буудай уну бир аз төмөндөгөн.

Россияда да бир катар азык-түлүктөрдүн баасы өсүп, айрыкча сабиз (2%) жана жумуртка (1,4%) кымбаттаган.

> Министрликтин маалыматына караганда, мындай мониторинг өлкөлөр ортосундагы баа динамикасын талдоо жана ички рыноктогу абалды көзөмөлдөө максатында жүргүзүлөт.