> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мэрия: Мектепке жасалма каттоо мыйзам бузуу болуп саналат
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/31/meriia-miektiepkie-zhasalma-kattoo-myizam-buzuu-bolup-sanalat/
- Published: 2026-03-31T04:16:20.000Z
- Updated: 2026-03-31T04:16:19.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти ата-энелерди балдарын белгилүү мектептерге киргизүү максатында жасалма каттоого (пропискага) жол бербөөгө чакырат.**

Маалыматка ылайык, мектептен орун алуу үчүн каттоону сатып алуу же жасалма түрдө уюштуруу фактылары текшерүүгө алынат. Өткөн окуу жылында бир дарек боюнча бир нече үй-бүлө катталган учурлар аныкталган.

Мындай мыйзам бузуу үчүн жоопкерчилик каралган.

> Департамент ошондой эле бардык мектептерде окуу программалары мамлекеттик стандарттарга ылайык бирдей экенин эскертет. Бул жагынан алганда, баланын кайсы мектепте окуганы эмес, анын коопсуздугу, саламаттыгы жана ыңгайлуулугу маанилүү.

Ушуга байланыштуу ата-энелерге балдарын жашаган жерине жакын жайгашкан мектептерге берүү сунушталат.