> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# “Социалдык контракт”: 48 миңден ашык үй-бүлөгө колдоо көрсөтүлдү
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/31/sotsialdyk-kontrakt-48-mindien-ashyk-ui-bulogho-koldoo-korsotuldu/
- Published: 2026-03-31T11:29:05.000Z
- Updated: 2026-03-31T11:29:04.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Кыргызстанда жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү” программасы ийгиликтүү ишке ашууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.** 

Бул демилге 2022-жылдан бери иштеп келет. Анын негизги максаты — жарандардын жашоо-шартын жакшыртуу жана өз алдынча иш менен камсыз болушуна шарт түзүү.

Маалыматка ылайык, 2022–2025-жылдары жалпы 48 миң 557 социалдык контракт түзүлгөн. Программанын басымдуу бөлүгү айыл чарба тармагына туура келип, ошондой эле өндүрүш, соода жана кызмат көрсөтүү багыттарында да ишке ашырылган.

> Мониторингдин жыйынтыгында катышуучулардын 94,2%ы айыл жеринде жашаган аялдар экени аныкталган. Долбоордун алкагында 57 миңден ашык жаңы жумуш орду түзүлүп, 228 миңден ашык жарандын жашоо-шарты жакшырган. Айрым үй-бүлөлөрдүн жылдык кирешеси 1 миллион сомдон ашканы белгиленди.

2025-жылы бир жолку социалдык жардамдын көлөмү 150 миң сомго чейин көбөйтүлгөн. Ал эми 2026-жылы 13 миң 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү пландалып, бул максатта 2 млрд сомдон ашык каражат каралган.

2026-жылдын 1-мартына карата 607 социалдык контракт түзүлүп, учурда арыздарды кабыл алуу жана катышуучуларды тандоо иштери уланууда.

> Кошумча колдоо чарасы катары 2024-жылдан тартып программа катышуучуларына пайызсыз кредит берүү башталган. Мамлекеттик банктар аркылуу 200 миң сомго чейин 3 жылдык мөөнөткө кредит алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Акыркы эки жылда мындай колдоону 1200дөн ашык катышуучу пайдаланып, программа алкагында республика боюнча 1329 чакан ишкана ачылган.