> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте Дэн Сяопин проспектисинде демонтаж иштери башталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/01/bishkiektie-den-siaopin-prospiektisindie-diemontazh-ishtieri-bashtaldy/
- Published: 2026-04-01T09:38:59.000Z
- Updated: 2026-04-01T09:38:58.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкек шаарында Дэн Сяопин проспектисинин Патрис Лумумба көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейинки тилкесинде жайгашкан объекттерди демонтаждоо иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.**

Шаар мэриясынын комиссиясынын чечими менен 13 чарба субъект менен түзүлгөн келишимдерди токтотуу каралган. Учурда алардын ичинен 10 объект боюнча келишимдер буга чейин токтотулуп, калган 3 объект боюнча акыркы чечим кабыл алынууда.

> Маалым болгондой, өткөн кыш мезгилинде Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан эскертмелер берилип, ээлеп турган аймакты ыктыярдуу бошотуу үчүн мөөнөт белгиленген.

Демонтаж иштери аяктагандан кийин бошотулган аймак жашылдандырылып, көрктөндүрүлөт.