> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте коопсуздук талаптарын бузган курулушка 200 миң сом айып салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/01/bishkiektie-koopsuzduk-talaptaryn-buzghan-kurulushka-200-min-som-aiyp-salyndy/
- Published: 2026-04-01T06:34:43.000Z
- Updated: 2026-04-01T06:34:42.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти видео кайрылуунун негизинде Бишкек шаарындагы курулуш объектисин текшерди.**

Министрликтин маалыматына ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында Д.Садырбаев көчөсү 174-176 дарегинде жайгашкан 15 кабаттуу турак үйдүн курулушунда айрым жерлерде коргоочу конструкциялар орнотулбаганы аныкталып, бул жарандар үчүн кооптуу жагдай жаратканы белгиленди.

> Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "Алип Строй" ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынып, кемчиликтер толук жоюлганга чейин курулуш иштери убактылуу токтотулду.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/tempImagebk66Kd.gif)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/tempImageigkAIi.gif)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/tempImageLT2mdK.gif)