> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чүйдө мыйзамсыз газ сатуу жана экологиялык бузуулар аныкталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/01/chuido-myizamsyz-ghaz-satuu-zhana-ekologhiialyk-buzuular-anyktaldy/
- Published: 2026-04-01T04:12:12.000Z
- Updated: 2026-04-01T04:12:12.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Чүй облусунда экологиялык мыйзамдардын сакталышын текшерүү максатында ыкчам рейд жүргүзүлдү. Иш-чара Сокулук районунан Кара-Балта шаарына чейин өтүп, ага тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.** 

Текшерүүнүн жүрүшүндө Сокулук районунда автоцистерналарды мыйзамсыз орнотуу жана суюлтулган газды мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды. Коопсуздук талаптарын одоно бузган учурлар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү.

Ошондой эле Кара-Балта шаарында жүк ташуучу унаалардын абага бөлүп чыгарган зыяндуу заттары текшерилип, айрым унааларда түтүн деңгээли нормадан кыйла ашканы аныкталды. Бул боюнча протоколдор түзүлүп, айып пул салынды.

> Рейддин негизги максаты — объекттерди жабуу эмес, коопсуздук талаптарынын сакталышын камсыздоо. Талаптарды сактаган ишкерлерге уруксат документтерин алууда көмөк көрсөтүлөт.

Ошол эле учурда жарандардын өмүрүнө коркунуч жараткан мыйзам бузууларга карата катуу чаралар көрүлөрү белгиленди.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/661009127_935761675743629_5098323545832934825_n-1.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/2-2.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/663242946_935761732410290_778162036142051411_n.jpg)