> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кожомкул спорт сарайында жаңы бассейн куруу иштери башталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/01/kozhomkul-sport-saraiynda-zhany-bassiein-kuruu-ishtieri-bashtaldy/
- Published: 2026-04-01T11:45:33.000Z
- Updated: 2026-04-01T11:45:33.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык, Биринчи май районундагы Кожомкул спорт сарайында оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.** 

Учурда бассейн курула турган аймакта демонтаж иштери жүргүзүлүүдө. Ага эки экскаватор жана 16 HOWO үлгүсүндөгү атайын техника тартылган.

Иштерди Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы жүргүзүүдө.

> Долбоор имараттын инфраструктурасын жаңыртып, суу спортун өнүктүрүүгө жана шаар тургундары үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган. Жаңы бассейн куруу спорт менен машыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

Иштер бекитилген планга ылайык жүргүзүлүүдө.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/1775040942-1.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/1775040952.jpeg)