> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Манастын ысымы Улан-Батордо: эки өлкө кызматташууну күчөтөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/01/manastyn-ysymy-ulan-batordo-eki-olko-kyzmattashuunu-kuchotot/
- Published: 2026-04-01T10:05:32.000Z
- Updated: 2026-04-01T10:05:31.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Монголиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Содном Ганхуяг менен жолукту. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.** 

Жолугушууда эки өлкөнүн борбор шаарларынын ортосундагы кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги, ошондой эле мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери талкууланды.

> Элчи Содном Ганхуяг акыркы жылдары Бишкек шаарынын ыкчам өнүгүп жатканын белгилеп, пландалган долбоорлорду ишке ашырууда ийгиликтерди каалады. Ошондой эле Улан-Батор шаарында көчөлөрдүн бирине Манастын ысымын берүү пландалып жатканын билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы өнөктөштүк маанилүү экенин белгилеп, Бишкек менен Улан-Батордун кызматташуусу мындан ары да өнүгөөрүн билдиришти.

Белгилей кетсек, эки элдин тарыхый-маданий жакындыгын борбор калаадагы көчө жана тилке аталыштары да айгинелеп турат.