> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ӨКМ министри гидромет жана токой кызматтарынын ишин текшерди
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/01/okm-ministri-ghidromiet-zhana-tokoi-kyzmattarynyn-ishin-tiekshierdi/
- Published: 2026-04-01T08:20:15.000Z
- Updated: 2026-04-01T08:20:15.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында Гидрометеорология жана Токой кызматтарынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.** 

Жолугушууда аба ырайын божомолдоо, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана материалдык-техникалык базаны чыңдоо маселелери каралды.

Министр адистер менен жолугуп, иштин сапатын жогорулатуу жана ыкчам аракеттерди күчөтүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.

> Ошондой эле токой чарбаларынын ишине өзгөчө көңүл бурулуп, токой өрттөрүнүн алдын алуу, жаратылышты коргоо жана калыбына келтирүү багытында милдеттер коюлду.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/2-4.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/3-3.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/4-1.jpeg)