> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сокулукта 45 млн сомдук жер тилкелер мамлекетке кайтарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/01/sokulukta-45-mln-somduk-zhier-tilkielier-mamliekietkie-kaitaryldy/
- Published: 2026-04-01T06:06:04.000Z
- Updated: 2026-04-01T06:06:04.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Сокулук районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Манас айыл өкмөтүнө караштуу Семетей жаңы конушунда мыйзам бузуулар аныкталды.**

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2021-жылы калктуу конуштарга тиешелүү 0,88 гектар жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен 22 жаранга жеке менчикке берилип кеткен.

> Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы баасы 45 млн 832 миң 283 сомду түзгөн жер тилкелер мамлекеттик менчикке кайтарылды.