> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жол тейлөө ишканаларынын аймагында сейил бактар уюштурулат
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/01/zhol-tieiloo-ishkanalarynyn-aimaghynda-sieiil-baktar-uiushturulat/
- Published: 2026-04-01T06:19:57.000Z
- Updated: 2026-04-01T06:19:56.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин мекеме-ишканаларынын жана республика боюнча Жол тейлөө ишканаларынын, Жол оңдоо пункттарынын аймагында сейил бактар уюштурулат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.** 

Сейил бактардын аянты 1 гектардан кем болбой, эс алуу үчүн бардык шарттар каралат. Аймактарга мөмө берүүчү бактар отургузулуп, гүлдөр тигилип, айлана-тегереги көрктөндүрүлөт.

Бул чечим "Жашыл мурас" долбоорунун алкагында министр Талантбек Солтобаевдин тапшырмасы менен кабыл алынган.

Ошондой эле талаптар жол куруу багытындагы инвестициялык долбоорлорго да милдеттендирилди.

> Белгиленгендей, быйыл министрлик тарабынан 14 миң бак отургузуу пландалууда.