> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте 146 млн сомдук жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/02/bishkiektie-146-mln-somduk-zhier-tilkie-munitsipaldyk-mienchikkie-kaitaryldy/
- Published: 2026-04-02T06:10:49.000Z
- Updated: 2026-04-02T06:10:48.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.** 

Тактап айтканда, Бишкек шаардык мэриясы муниципалдык жер тилкесин пайдаланууга берүүдө мыйзам талаптарын одоно бузганы белгилүү болгон.

> Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде Көк-Жар кичи районунун И.Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан 0,63 гектар жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Анын жалпы баасы 146 млн 273 миң сомду түзөт.

Прокуратура органдары мыйзам бузууларды аныктоо жана жоюу багытындагы иштерди улантарын билдиришти.