> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чүй–Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз тосмо кайра алынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/02/chui-panfilov-kocholorunun-kiesilishindieghi-myizamsyz-tosmo-kaira-alyndy/
- Published: 2026-04-02T03:31:27.000Z
- Updated: 2026-04-02T03:31:26.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалык Чүй проспектиси менен Панфилов көчөсүнүн кесилишинде мыйзамсыз орнотулган объектти демонтаждады.** 

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, жакынкы үйлөрдүн жашоочулары муниципалдык аймакты өз алдынча тосуп, тосмо жана дарбаза орнотушкан.

Бул объект буга чейин да демонтаждалган, бирок кийин кайра орнотулган.

> Акыркы демонтаждан кийин конструкциялар алынып, айып короосуна жеткирилди. Ээлери айып пулду жана чыгымдарды төлөгөндөн кийин алып кете алышат.

Муниципалдык аймакта мындай объекттерди орнотууга жол берилбейт.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/2-8.jpeg)