> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кочкордо мурдагы айыл башчы 5,7 млн сомдук коррупциялык иш боюнча кармалды
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/02/kochkordo-murdaghy-aiyl-bashchy-5-7-mln-somduk-korruptsiialyk-ish-boiuncha-karmaldy/
- Published: 2026-04-02T05:03:40.000Z
- Updated: 2026-04-02T05:03:39.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Кочкор районунда мурдагы айыл башчы коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.**

Маалыматка ылайык, Нарын облусунун Ормон-Хан айыл аймагында ири өлчөмдөгү каржылык мыйзам бузуулар аныкталган.

Финансы министрлигинин ички аудит кызматынын корутундусуна ылайык, 2025-жылы айыл аймактын мурдагы башчысы А.Б.К. мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө тиешелүү мыйзамдардын талаптарын бузган.

Анын натыйжасында мамлекеттик бюджетке 5 млн 699 миң сом зыян келтирилгени белгилүү болду.

> Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, 2026-жылдын 31-мартында шектүү кармалды. Ал Нарын ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери улантылууда.