> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекеттин пайдасына 58,7 млн сомдук алтын куймалар  өткөрүлдү
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/02/mamliekiettin-paidasyna-58-7-mln-somduk-altyn-kuimalar-otkoruldu/
- Published: 2026-04-02T05:56:11.000Z
- Updated: 2026-04-02T05:56:10.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Сот аткаруучулар кызматы тарабынан мамлекеттин пайдасына 58,7 млн сомдук конфискацияланган алтын өткөрүлдү.**

Маалыматка ылайык, кызматтын Бишкек шаарынын Биринчи май району боюнча бөлүмү мүлктү конфискациялоо тууралуу соттук акттын аткарылышын камсыздады.

> Анын алкагында жалпы салмагы 3971,04 граммды түзгөн 6 алтын куймасы конфискацияланды. Жыйынтыгында мамлекеттин кирешесине 58 млн 715 миң сом өлчөмүндөгү каражат өткөрүлдү.