> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ӨКМ жарандык коргонуу чараларын аткарбагандарды айыпка тартат
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/02/okm-zharandyk-korghonuu-charalaryn-atkarbaghandardy-aiypka-tartat/
- Published: 2026-04-02T12:06:05.000Z
- Updated: 2026-04-02T12:06:05.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Коом, Саясат

**Министрлер кабинети өзгөчө кырдаалдардын тобокелдигин азайтуу үчүн мыйзамга өзгөртүүлөрдү демилгеледи.** 

Документке ылайык, жаңы административдик жаза чаралары киргизилет. Тактап айтканда, Укук бузуулар жөнүндө кодекске жаңы **143-1-берене** кошуу сунушталууда. Ал ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттүү талаптарын аткарбагандарга катуу айып пулдарды белгилейт:

- жеке жактар үчүн — 100 эсептик көрсөткүч (10 000 сом)
- кызмат адамдары үчүн — 200 эсептик көрсөткүч (20 000 сом)
- юридикалык жактар үчүн — 600 эсептик көрсөткүч (60 000 сом)

Коомдук талкуудан кийин мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш кароосуна жөнөтүлөт.

> Мыйзам кабыл алынса, иштерди кароо жана айып пул салуу укугу жарандык коргонуу тармагындагы ыйгарым укуктуу орган болгон Өзгөчө кырдаалдар министрлигине берилет.

Буга чейин, 2025-жылдын сентябрында Министрлер кабинети тиешелүү иш-чаралар планын бекитип, мекеме жана ишканалардын жетекчилерине объектилердин коопсуздугу үчүн жеке жоопкерчилик жүктөгөн.