> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Прокуратура ата-энесинен ажыраган балдардын турак жай укуктарын камсыздоодо
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/02/prokuratura-ata-eniesinien-azhyraghan-baldardyn-turak-zhai-ukuktaryn-kamsyzdoodo/
- Published: 2026-04-02T04:09:40.000Z
- Updated: 2026-04-02T04:09:39.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Прокуратура органдары тарабынан ата-энесинен ажыраган балдардын мүлктүк жана турак жай укуктарын коргоо багытында текшерүүлөр жүргүзүлүп, тиешелүү прокурордук чаралар көрүлүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.** 

Кадамжай районунда эки жетим балага турак жай куруу үчүн жер тилкелер бөлүнүп берилип, укук тастыктоочу документтер тапшырылды. Жети-Өгүз районунда жетим балага тиешелүү мурастык мүлк мыйзамсыз сатылганы аныкталып, анын менчик укугу калыбына келтирилди.

Мындан тышкары, Жалал-Абад облусунда жети өспүрүмдүн турак жай алуу укуктары камсыздалып, аларга жер тилкелер жана батирлер берилди.

> Мыйзамга ылайык, турак жайы жок жетим балдарга 16 жаштан баштап турак жай аянтын кезексиз алуу укугу кепилденет.

Прокуратура органдары бул багыттагы иштерди улантат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/2-9.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/3-6.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/4-4.jpeg)