> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Спорттук балык уулоого лимиттер электрондук система аркылуу берилет
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/02/sporttuk-balyk-uuloogho-limittier-eliektronduk-sistiema-arkyluu-bieriliet/
- Published: 2026-04-02T03:54:35.000Z
- Updated: 2026-04-02T03:54:35.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**1-апрелден тарта Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти тарабынан спорттук-ышкыбоздук балык уулоого лимиттер "Электрондук балык уулоо системасына" киргизилди.**

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, система аркылуу дарыя османы, Амударыя жилингири жана Ысык-Көл жилингири сыяктуу баалуу балык түрлөрүнө уруксат алуу мүмкүн.

> Балык уулоо карточкаларын Министрликтин расмий сайтындагы кызматтар бөлүмү (rb.agro.gov.kg) жана MegaPay мобилдик тиркемеси аркылуу алууга болот.