> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдөн жыл башынан бери 9 900 метр тор, 160 кг таштанды чыгарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/02/ysyk-koldon-zhyl-bashynan-bieri-9-900-mietr-tor-160-kgh-tashtandy-chygharyldy/
- Published: 2026-04-02T09:27:51.000Z
- Updated: 2026-04-02T09:27:50.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**ӨКМдин Суучулдар кызматы тарабынан Ысык-Көлдө тазалоо иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Учурда адистер көлдүн Түп районуна караштуу айыл аймактарында суу түбүнөн балык уулоочу торлорду жана ар кандай таштандыларды тазалоо иштерин улантып жатышат.**

> Маалыматка ылайык, жыл башынан бери жүргүзүлгөн иштердин алкагында көл түбүнөн жалпысынан 9900 метр мыйзамсыз балык уулоочу тор жана 160 килограммга жакын ар кандай таштандылар чыгарылды.

Тазалоо иштери мындан ары да улантылып, көл аймагын таштандылардан арылтуу боюнча иштер күчөтүлөрү белгиленди.