> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Адилет" конушундагы суу маселеси боюнча мэрия түшүндүрмө берди
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/03/adiliet-konushundaghy-suu-masieliesi-boiuncha-meriia-tushundurmo-bierdi/
- Published: 2026-04-03T06:53:40.000Z
- Updated: 2026-04-03T06:53:39.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкек шаарынын мэриясы "Адилет" конушунда ичүүчү суунун убактылуу жоктугу боюнча түшүндүрмө берип, коомчулукту адаштырган такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.** 

Муниципалитет билдиргендей, учурда тиешелүү кызматтар суу менен камсыз кылуу маселесин чечүү боюнча этап-этабы менен иштерди жүргүзүүдө. Долбоор бекитилген графикке ылайык ишке ашырылып жатат.

> "Адилет" конушун таза суу менен камсыз кылуу үчүн 2026-жылга долбоорлоо-изилдөө иштери титулдук тизмеге киргизилди. "Бишкексууканал" ишканасынан техникалык шарттар алынган, мындан аркы иштер белгиленген нормативдерге ылайык жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, аталган конуш административдик-аймактык реформанын алкагында Свердлов районуна кошулган.

Мэрия ошондой эле бардык иштер туруктуу көзөмөлдө экенин маалымдап, "Ак-Жар" жана "Нуркожо" конуштарында да суу менен камсыздоо системаларын куруу пландалып жатканын белгиледи.

> Мындан тышкары, шаар бийлиги ЖК депутаты Улукбек Карыбек уулун такталбаган жана популисттик маалыматтарды таратуудан карманууга чакырды.