> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте бирөөнүн 150 миң долларын алдап алган шектүү кармалды
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/03/bishkiektie-biroonun-150-min-dollaryn-aldap-alghan-shiektuu-karmaldy/
- Published: 2026-04-03T13:15:12.000Z
- Updated: 2026-04-03T13:15:11.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Коом, Саясат

**Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы 3-апрелде өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүүлөр кармалганын билдирди.**

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ал 2023-жылдын 26-июлунда 150 миң долларын Кытайга которуп берүү үчүн берген, бирок алданган.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") боюнча катталган.

Милиция 1997-жылы туулган Х.А. аттуу шектүүнү кармады. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.