> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте УКМКнын бала бакчасынын пайдубалына мезгил кутусу салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/03/bishkiektie-ukmknyn-bala-bakchasynyn-paidubalyna-miezghil-kutusu-salyndy/
- Published: 2026-04-03T10:48:42.000Z
- Updated: 2026-04-03T10:48:41.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бүгүн Бишкек шаарында УКМКга караштуу бала бакчанын имаратынын пайдубалына мезгил кутусун салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, иш-чарага УКМК төрагасы Жумгалбек Шабданбеков жана курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев катышты.

> Белгиленгендей, жаңы курулуп жаткан бала бакча УКМКнын жана башка укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, ошондой эле муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлердин балдары үчүн кызмат кылат.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик курулуш саясатынын артыкчылыктуу багыттары белгиленип, туруктуу жашоо чөйрөсүн түзүү, архитектура жана шаар куруу тармактарын өнүктүрүү, турак жай-коммуналдык чарбаны жана инженердик инфраструктураны модернизациялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/5-1.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/3-1.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/2.webp)