> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Facebook колдонуучусу Санжарбек Тилековго 20 миң айып пул салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/03/facebook-koldonuuchusu-sanzharbiek-tiliekovgho-20-min-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2026-04-03T09:12:27.000Z
- Updated: 2026-04-03T09:12:26.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Коом

**Биринчимай райондук соту социалдык тармактарда абройго жана кадыр-баркка шек келтирген маалыматтарды таратуу боюнча ишти карады.**

> Адвокат Нурбек Токтакунов билдиргендей, Facebook колдонуучусу Санжарбек Тилеков күнөөлүү деп табылып, анын жарыялары үчүн 20 миң сом айып пул салынды. Анын айтымында, Тилеков күнөөсүн моюнга алып, кечирим сурап, мындан ары баракчасын туура алып барарын убада кылган.

Юрист мындай учурларда жарандар өз аброюн жана кадыр-баркын коргоо үчүн укук коргоо органдарына кайрыла аларын эске салды. Бул үчүн Укук бузуулар кодексинин 107-беренесинин негизинде арыз жазылып, протокол түзүлгөндөн кийин материалдар сотко жөнөтүлөт.

Токтакунов социалдык тармак колдонуучуларын этиканы сактоого жана бири-бирин урматтоого чакырды.