> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргыз-кытай чек арасы эки күнгө жабылат
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/03/kyrghyz-kytai-chiek-arasy-eki-kungho-zhabylat/
- Published: 2026-04-03T11:19:20.000Z
- Updated: 2026-04-03T11:19:19.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы убактылуу эки күнгө жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.**

Маалыматка ылайык, чек ара Кытай тараптын демилгеси менен коңшу өлкөдө “Цинмин” күнүн белгилөөгө байланыштуу жабылууда.

> Ага ылайык, кыргыз-кытай тилкесиндеги “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө пункттары 4-апрелде саат 20:00дөн тартып иштебей калат.

Өткөрмө пункттары 6-апрелде кайрадан өз ишин жандантат.