> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан Россиядан 1 млн доза вакцина алат
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/03/kyrghyzstan-rossiiadan-1-mln-doza-vaktsina-alat/
- Published: 2026-04-03T09:39:43.000Z
- Updated: 2026-04-03T09:39:42.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков жетектеген делегация Россия Федерациясынын Владимир шаарындагы Жаныбарларды коргоо боюнча бүткүл россиялык илимий-изилдөө институтуна барды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.** 

Иш сапардын алкагында кыргыз делегациясы институттун илимий-өндүрүштүк базасы, ветеринардык препараттарды жана вакциналарды иштеп чыгуу боюнча заманбап технологиялары менен таанышты. Ошондой эле жаныбарлардын коркунучтуу ылаңдарын изилдөө жана мониторинг жүргүзүү маселелери талкууланды.

> Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстанга шарп ылаңына каршы 1 миллион доза вакцина жеткирүү боюнча келишим түзүлдү. Вакциналарды жакынкы арада алып келүү күтүлүүдө. Мындан тышкары, 2026-жылдын жай мезгилинин аягына чейин кошумча 3,5 миллион доза алып келүү пландалууда.

Тараптар эпизоотиялык абалды турукташтыруу, оорулардын алдын алуу жана ветеринардык коопсуздукту күчөтүү боюнча кызматташууну кеңейтүүнү макулдашты.

> Ошондой эле балык илдеттерин изилдөө багытында биргелешкен иштерди жүргүзүү жана кыргызстандык адистерди окутуу, квалификациясын жогорулатуу боюнча келишимдерге жетишилди.

Бул кызматташтык Кыргызстандын биологиялык коопсуздугун камсыздоого жана айыл чарба продукциясын коргоого багытталган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/1-28.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/2-18.jpeg)