> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Талас шаарында 1224 орундуу мектеп курулат
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/03/talas-shaarynda-1224-orunduu-miektiep-kurulat/
- Published: 2026-04-03T09:53:39.000Z
- Updated: 2026-04-03T09:53:38.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Талас шаарында Россия Федерациясынын колдоосу менен курула турган 1224 орундуу мектептин долбоору талкууланды. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.**

Жолугушууга Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, Талас шаарынын мэринин орун басары Айбек Көчөрбаев жана Россия президентинин стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Антон Рыбаков катышты.

Тараптар долбоордун кийинки этаптарын, ошондой эле курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу бүткөрүү маселелерин талкуулашты.

> Белгилей кетсек, Россиянын колдоосу менен Кыргызстанда жалпы 9 мектеп курулат. Алардын бири Талас шаарында жайгашат. Учурда мектеп куруу үчүн зарыл болгон инженердик иштер толук аяктаган.