> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Россия айыл чарба кызматташтыгын кеңейтүүнү талкуулашты
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/04/kyrghyzstan-mienien-rossiia-aiyl-charba-kyzmattashtyghyn-kienieituunu-talkuulashty/
- Published: 2026-04-04T07:05:48.000Z
- Updated: 2026-04-04T07:05:48.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Москвадагы иш сапарынын алкагында Россиянын айыл чарба министри Оксана Лут жана Россельхознадзордун жетекчиси Сергей Данкверт менен жолугушту.** 

Ведомствонун маалыматына ылайык, тараптар айыл чарба тармагындагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Россия Кыргызстан үчүн негизги соода-экономикалык өнөктөштөрдүн бири экени белгиленди.

Кыргыз тарап эт, сүт, кайра иштетилген азыктар жана балык продукцияларын Россияга экспорттоону кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

> Ошондой эле агроөнөр жай комплексинде кооперацияны өнүктүрүү планы, асыл тукум мал жеткирүүнү көбөйтүү, ветеринария жана илимий кызматташтык маселелери каралды.

Жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин билдиришти.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/6cc52401-65f4-4318-9510-93731e3fbc76.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/60dc5b34-c997-4e4b-980f-150ca1312887.jpg)