> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/05/kyrghyzstan-irangha-129-tonna-ghumanitardyk-zhardam-zhonottu/
- Published: 2026-04-05T08:21:35.000Z
- Updated: 2026-04-05T08:21:35.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.**

Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

> Маалыматка ылайык, жөнөтүлгөн гуманитардык жүктүн жалпы көлөмү 129 тоннаны түзөт. Жүктөр белгиленген план боюнча 5-7 күн аралыгында дарегине жеткирилери күтүлүүдө.