> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/06/ak-buura-daryiasynan-deerlik-317-min-kub-mietr-tashtandy-chygharyldy/
- Published: 2026-04-06T12:55:59.000Z
- Updated: 2026-04-06T12:55:58.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында ири тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата дарыянын нугунан жалпысынан 316 985 куб метр таштанды чыгарылды.

> Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бардык зарыл күч-каражаттар жана атайын техникалар толук көлөмдө тартылган.

Иш-чаралар дарыянын нугун тазалоо, коопсуздукту камсыз кылуу жана экологиялык абалды жакшыртуу максатында жүргүзүлүүдө.