> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги Ак-Ордо конушунда 750 орундуу мектеп курулуп бүттү
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/06/bishkiektieghi-ak-ordo-konushunda-750-orunduu-miektiep-kurulup-buttu/
- Published: 2026-04-06T10:12:05.000Z
- Updated: 2026-04-06T10:12:04.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда 750 орундуу мектептин курулушу аяктады. Учурда объекттин айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.** 

Жаңы мектеп мамлекеттик бюджеттин эсебинен заманбап талаптарга ылайык, ири панелдүү типте курулду. Имаратта кең окуу класстары, лаборатория, эмгек кабинеттери, дарыгердин бөлмөсү, информатика классы, китепкана, жыйындар залы жана спорт залы каралган.

> Курулуш иштери 2025-жылы башталып, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлгөн.

Белгилей кетсек, Ак-Ордо конушунда мындан тышкары дагы эки ири мектептин курулушу уланууда.