> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда жаныбарларды багуу жана көбөйтүү боюнча жаңы эрежелер бекитилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/06/kyrghyzstanda-zhanybarlardy-baghuu-zhana-koboituu-boiuncha-zhany-eriezhielier-biekitildi/
- Published: 2026-04-06T12:24:19.000Z
- Updated: 2026-04-06T12:24:18.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин багуу, көбөйтүү жана коргоо маселелери боюнча токтом кабыл алды. Тиешелүү документке Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.**

Токтомдун максаты — жаныбарларды капаста, жарым-жартылай капас шартында жана жасалма чөйрөдө багуу жана көбөйтүү тармагындагы мамилелерди тартипке келтирүү, ошондой эле мыйзамдардагы шайкеш эместиктерди жоюу.

Ага ылайык, аталган багыттагы жаңы эрежелер бекитилип, жаныбарларды кармоо жана көбөйтүү тартиби такталды.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

> Толук маалымат: <https://www.gov.kg/ky/npa/s/4794>