> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте 58 миң  доллар турган 4 унааны алдап алган жаран кармалды
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/07/bishkiektie-58-min-dollar-turghan-4-unaany-aldap-alghan-zharan-karmaldy/
- Published: 2026-04-07T04:40:20.000Z
- Updated: 2026-04-07T04:40:19.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Коом, Саясат

**Бишкекте 4 унааны алып из жашырган жаран алдамчылыкка шектелип кармалганын Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.**

> Маалыматка ылайык, милицияга 5-апрелде А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, С.И. аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган. Шектүү алдоо жолу менен унааларды сатууга көмөк көрсөтүү шылтоосу менен жалпы баасы 58 миң доллар турган KIA K8, KIA Carnival, KIA Sorento үлгүсүндөгү автоунааларды ээлеп алган.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 209- беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 26 жаштагы А.Р. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.