> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто коопсуздук эрежелерин бузган курулушка 200 миң сом айып салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/07/oshto-koopsuzduk-eriezhielierin-buzghan-kurulushka-200-min-som-aiyp-salyndy/
- Published: 2026-04-07T11:26:37.000Z
- Updated: 2026-04-07T11:26:36.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы Ош шаарындагы 16 кабаттуу турак жай комплексинин курулушун текшерди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.** 

Текшерүү жарандардын кайрылуусунун негизинде Курманжан-Датка көчөсү, 54 дарегинде жайгашкан объектте жүргүзүлдү.

Анын жыйынтыгында техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгы, коопсуздук чараларынын жетишсиздиги жана кызматкерлер үчүн тийиштүү эмгек шарттары толук камсыздалбагандыгы аныкталды.

> Натыйжада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Ак-Кайың” ЖЧКсына карата административдик чаралар көрүлүп, 200 миң сом айып пул салынды.

Курулуш министрлиги белгилегендей, коопсуздук талаптарын сактабастан жүргүзүлгөн иштер адам өмүрүнө жана ден соолугуна олуттуу коркунуч жаратат. Ошондуктан курулуш жүргүзүүдө бардык нормаларды так сактоо милдеттүү.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/--------------------------2026-04-07----15.56.05.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/--------------------------2026-04-07----15.56.01.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/--------------------------2026-04-07----15.56.08.png)