> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Райондук судья 26 миң доллар пара алып кармалды
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/07/raionduk-sudia-26-min-dollar-para-alyp-karmaldy/
- Published: 2026-04-07T10:00:38.000Z
- Updated: 2026-04-07T10:00:37.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом, Саясат

**УКМК тарабынан сот системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иш-чаралардын алкагында Чүй облусунда коррупциялык схема аныкталганы маалым болду.** 

> УКМКнын билдиришинче, Аламүдүн райондук сотунун судьясы Ш.Б.Ж. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, **жаран Т.М.Т.га эркинен ажыратуу менен байланышпаган сот чечимин чыгарып берүүнү убада кылып, 26 миң доллар алган.** Бирок, кийинчерээк берген убадасын аткарган эмес.

> УКМК кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, судья Ш.Б.Ж. мурда алган акчасынын бир бөлүгүн — 85 миң сомун кайтарып берип жаткан жеринен кылмыш үстүндө кармалды.

Судьялар кеңеши судья Ш.Б.Ж.ны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү чечимин кабыл алган. Ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып, ал УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда бул кылмыш ишине тиешеси бар сот системасынын башка кызматкерлерин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылып жатат.