> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# УКМК кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине 386 арыз түшкөн
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/07/ukmk-kyzmatkierlierinin-myizamsyz-arakiettierinie-386-aryz-tushkon/
- Published: 2026-04-07T10:58:44.000Z
- Updated: 2026-04-07T10:58:44.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Коом, Саясат

**Максат Асаналиев Жогорку Кеңештин сот-укук маселелери, укуктук тартип, кылмыштуулукка каршы күрөш жана коррупцияга каршы комитетинин жыйынында УКМК кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери боюнча 386 арыз түшкөнүн билдирди.**

> Ал бул тууралуу депутат Нурбек Сыдыгалиевдин суроосуна жооп берип жатып айтты. Депутат ишкерлер УКМК кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине, тактап айтканда, мүлктү күч менен тартып алуу фактыларына даттанып кайрылып жатканын белгилеген.

Башкы прокурордун айтымында, "кустуризация" деп аталган процесстин алкагында айрым Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кызматкерлери өз ыйгарым укуктарынан ашып кетип, жарандардын мүлкүн өзүнө ыйгарып алышкан учурлар болгон.

"Бул фактылар боюнча кылдат иликтөө жүргүзүү керек", — деди ал.

Анын маалыматына караганда, мындай коррупциялык кылмыштар боюнча Аскер прокуратурасы 18 кылмыш ишин козгогон.

Натыйжада:

- 9 УКМК кызматкери жоопкерчиликке тартылган;
- алардын 8и камакта;
- бирөө үй камагында.