> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Урук чачуу мезгилине байланыштуу балык уулоого убактылуу тыюу салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/07/uruk-chachuu-miezghilinie-bailanyshtuu-balyk-uuloogho-ubaktyluu-tyiuu-salyndy/
- Published: 2026-04-07T07:12:19.000Z
- Updated: 2026-04-07T07:12:18.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Коом, Саясат

**Балыктардын урук чачуу мезгилинде спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого убактылуу тыюу салынганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.**

> Маалыматка ылайык, Ысык-Көл чабагына 1-апрелден 15-майга чейин, майда балыктарга 1-майдан 1-июлуна, ал эми каңылтыр балыгына 15-майдан 15-июлга чейин электрондук балык уулоо билети убактылуу токтотулат.

Республиканын суу объектилеринде болсо, чоң балыктарга - 5-майдан 20-июнга, майда балыктарга - 15-апрелден 5-июнга, дарыя маринкасына –15-майдан 1-июлга чейин тыюу салынат.

Ошондой эле дарыялардагы баалуу балыктарга османга –1-июндан 15-июлга чейин, амударыя форелине –15-октябрдан 15-декабрга, ысык-көл форелине –1-октябрдан 15-декабрга чейин тыюу салынды.