> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Азия чемпионаты: Кыргызстан грек-рим күрөшүндө 3 алтын медаль утуп алды
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/08/aziia-chiempionaty-kyrghyzstan-ghriek-rim-kuroshundo-3-altyn-miedal-utup-aldy/
- Published: 2026-04-08T04:06:29.000Z
- Updated: 2026-04-08T04:06:29.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**7-апрелде Бишкек шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча финалдык беттештер жыйынтыкталып, кыргызстандык балбандар үч алтын медаль багындырышты.**

63 кг салмак категориясында **Афтандил Таалайбек уулу** финалда ирандык Эрфан Жарканини **7:2** эсебинде жеңип, Кыргызстанга алгачкы алтын медалды алып келди.

77 кг салмакта **Акжол Махмудов** чечүүчү кармашта ирандык Али Оскоону **3:3** эсебинде сапат көрсөткүчү менен утуп, экинчи алтынды камсыз кылды.

Ал эми 87 кг салмак категориясында **Асан Жанышов** ирандык Холамреза Фарохисенджани үстүнөн **11:4** эсебинде ишенимдүү жеңишке жетип, үчүнчү алтын медалды жеңип алды.

Муну менен Кыргызстан Азия чемпионатында **грек-рим күрөшү боюнча** ийгиликтүү жыйынтык көрсөтүп, медалдык эсепти олуттуу толуктады.